Израилде эл Нетаньяхуну күнөөлөп жатат

Израилдин «Маарив» газетасы Лазар изилдөө  институтунун 510 израилдик менен жүргүзгөн  сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялады.

2053700
Израилде эл Нетаньяхуну күнөөлөп жатат

Израилде элдин  80 пайызы Хамастын аскердик канаты Кассам бригадаларынын  7 -  октябрда жасаган кол салуусунан премьер  - министр Беньямин Нетаньяхунун жооптуу экендигин ортого салууда. 

Израилдин «Маарив» газетасы Лазар изилдөө  институтунун 510 израилдик менен жүргүзгөн  сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялады.

Сурамжылоого ылайык, израилдиктердин 80 пайызы 7  - октябрда Кассам бригадасы жасаган чабуул үчүн Нетаньяхуну жооптуу  экендигин белгилеген кабарда : "Израилдиктердин 8 пайызы гана Нетаньяхуну жооптуу деген жок. 12 пайызы болсо пикиринин жок экендигин белгиледи",- деп айтылды. 

Израилде калктын 65 пайызынын өлкөнүн келечегинен үмүттүү экендиги, 25 пайызынын үмүтсүз экендиги билдирилип, сурамжылоонун жыйынтыгына караганда өлкөдө бир шайлоо боло турган болсо  өкмөттү түзгөн саясий партиялардын парламенттеги 120 орундуктан 43 орундугун гана ала алары белгиленди. 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7 - октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген. 

Израиль армиясы да аскердик учактар менен Газа тилкесине "Темир кылычтар" аттуу операция баштагандыгын жарыялаган. 

Израилдин кол салуусунда 4 миңден  ашуун палестиналык каза болуп,  12 миңдан ашуун палестиналык да жаракат алды. 

 

 



Тектеш кабарлар