Малала Юсуфзай Палестинага жардам берүүгө чакырды

Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси пакистандык Малала Юсуфзай  Палестина калкы үчүн  гуманиатрдык жардам берген мекемелерге жардам берүүгө чакырды.

2052565
Малала Юсуфзай Палестинага жардам берүүгө чакырды

Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси пакистандык Малала Юсуфзай  Палестина калкы үчүн  гуманиатрдык жардам берген мекемелерге жардам берүүгө чакырды. 

Малала Юсуфзай X социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Газадагы Аль  Ахли баптист ооруканасына жасалган кол салууну айыптады.

Израилди Газага карата гуманитардык жардамдардын киришине уруксат берүүгө чакырган Юсуфзай : «Жамааттык жазалоо чечим эмес»,-деди.

Билдирүүсүндө орун алган видеодо : "Палестиналык балдар жана коркунуч астындагы кишилерге жардам берген мекемелерге  300 миң доллар багыттап жатам",- деген маалымат берген Юсуфзай : "Бул видеону көргөндөрдүн баарынан  гуманитардык жардам берген мекемелерге жардам берүүлөрүн суранам",- деген сөздөрү менен да жардам берүүгө чакырды. 

Юсуфзай : «Газа калкынын жарымынан көбү 18 жаштан төмөн. Бул балдар өмүр бою бомбалоо жана адилетсиз баскынчылык астында жашоого мажбур болбошу керек»,-деди.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып,  куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да аскердик учактары менен Газа тилкесине "Темир кылычтар" операциясын баштагандыгын билдирген. 

Күч алган чыңалууда эки тараптан тең жоготуулар болду. 

 

 



Тектеш кабарлар