Израиль Газага кол салууларын улантууда, каза болгондордун саны өсүүдө...

Газадагы cаламаттыкns сактоо министринин милдетин аткаруучу доктор Юсуф Эбурриш каза болгон жана жаралангандардын көбүнүн балдар, аялдар жана карылар экенин белгиледи.

2049761
Израиль Газага кол салууларын улантууда, каза болгондордун саны өсүүдө...
israil gazze saldiri.jpg
gaza-ap-2122476.jpg

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине  кол салууларында каза болгондордун саны 1417ге жетти.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин Газага кол салууларында 248и аял, 447си бала болгон 1417 кишинин каза болгону, 932си аял, 1531и бала болгон 6 миң 268 кишинин жараланганы белгиленди. .

ХАМАС менен байланышы бар өкмөттүн басма сөз бөлүмүнүн башчысы Селаме Маруф: «Израиль 7-октябрдан бери Газа тилкесинде палестиналык үй-бүлөлөргө каршы 30га жакын кыргын салды»,-деди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Эшреф аль-Кудра:"Ооруканалар толук кубаттуулукта иштеп жатат. Израилдин кол салууларынын күчөшүнүн себебинен жарадарлар жана оорулуулар жерде жатат",-деп айтты.

Басма сөз катчысы Кудра ошондой эле Израилдин уланып жаткан электр энергиясы, суу жана күйүүчү майды үзгүлтүккө учуратышы жарадарлардын жана оорулуулардын өмүрүнө коркунуч туудурганын жана «коркунучтуу ден-соолук жана экологиялык кырсыкка себеп болгонун» баса белгиледи.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министри Мей ал-Кейл да Израилдин бомбалоосу астында Газа тилкесиндеги ооруканаларда дары-дармек менен камсыздоодо олуттуу көйгөйлөр бар экенин белгилеп, саламаттык сактоо системасынын кыйроого учурашы мүмкүн экенин эскертип, шашылыш колдоо сурады.

Эл аралык Кызыл Крест комитетинин Жакынкы Чыгыш директорунун басма сөз катчысы Имане Трабелси Газадагы гуманитардык абалдын кооптондуруучу жана коркунучтуу түрдө начарлап кеткенин, саламаттыкты сактоо тармагынын кыйроонун алдында турганын айтты.

Израилдин саламаттыкты сактоо министри Моше Арбел болсо чуулгандуу билдирүүсүндө Израилге кол салуу учурунда колго түшкөн жаралуу палестиналыктардын дарыланбай турганын айтты.

Yedioth Aharonoth гезитинин кабарына караганда, саламаттыкты сактоо министри Арбел кечээ премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга жазган катында кол салууларда жарадар болгон Хамас мүчөлөрүнүн мамлекеттик ооруканаларда дарылануусун токтотууга буйрук бергенин жарыялады.

Арбел катында: «Саламаттык сактоо системасы бул кыйын мезгилде израилдик аскерлердин дарылануусуна жана алдыда боло турган нерселерге даярданууга көңүл бурушу керек»,-деп, анын жетекчилигиндеги коомдук саламаттык сактоо системасынын Хамас мүчөлөрүн дарылабай турганын жарыялады.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN, Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль-Кассам бригадасынын блокададагы Газа тилкесинен Израилге карай баштаган «Акса топону» кол салуусунда каза болгондордун саны 1300гө жеткенин билдирди.

Мамлекеттик телеканал кол салууларда жарадар болгон израилдиктердин санын 3300 деп жарыялады, алардын 350ү оор жарадар болду.

Израиль армиясынын билдирүүсүндө 7-октябрдан бери набыт болгон аскер санынын 220гө жеткени белгиленди.

Билдирүүдө набыт болгон дагы 31 аскердин өздүгү ачыкка чыгарылып, үй-бүлөлөрүнө маалымат берилгени белгиленди.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар