АКШдан Израилди колдоо билдирүүлөрү

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, президент Байден менен вице - президент  Харрис Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2049901
АКШдан Израилди колдоо билдирүүлөрү

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден жана  вице-президент Камала Харрис Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен өткөргөн сүйлөшүүдө өлкөсүнө колдоо көрсөтүүнү уланта турганын билдиришти.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, президент Байден менен вице - президент  Харрис Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө  Израилдин "өзүн  -  өзү коргоо жана элин коргоо процессинде" АКШнын Израилге берген колдоонунун уланары билдирилди. 

Лидерлер "Хамас террористтеринин  үрөй учурган чабуулдарына" каршы үзгүлтүксүз байланышта болуу боюнча макылдашышты.

Байден АКШда жашаган жөөт жамаатынын лидерлери менен Ак үйдө өткөрүлө турган жолугушуудан мурда жасаган билдирүүсүндө Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадаларынын 7-октябрдагы кол салууларына байланыштуу: «Бул Холокосттон  бери жөөттөр үчүн эң кандуу кол салуу экендигин жактаймын",- деди.  

Байден Израилге берген аскердик колдоону арттыргандарын айтып,  Израилге Темир Куполду камсыз кылуу үчүн ок  -  дары жибергендерин, Чыгыш Жер Ортолук деңизге АКШнын учак конуучу кеме флоту жана аскердик учактарды жибергендирин айтты.

Жо байден Израилдин премьер  - министри Нетаньяхуга  Израилдин согуш эрежелерине карата кыймыл кылышынын маанилүү экендигин айтканын да билдирди. 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да бүгүн Израилге барар алдында Тель-Авив башкаруусуна колдоо билдирүүсүн кайталады.

Блинкен учакка отурар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип :  "АКШнын президенти Жо Байден жана Америка элинин атынан билдирүүбүз ачык жана так ; АКШ Израилдин аркасында. Биз Израиль элинин аркасындабыз. Бүгүн, эртең жана ар дайым алардын аркасындабыз",- деди.  

Хамастын израилдиктерге каршы аракеттерин сындаган Блинкен : «ДЕАШтан бери мындай адепсиздикти көргөн жокпуз»,-деди. 

Ошол эле учурда АКШ Израиль жана басып алынган Батыш Шериа үчүн саякат эскертүүсүн 3 - деңгээлге көтөрдү жана жарандарын зарылчылык болбосо бул аймактарга барбоосун эскертти.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирди.

Израиль армиясы да аскердик учактары менен Газа тилкесине Темир Кылычтар операциясын баштагандыгын билдирген. 

Күч алган чыңалууда эки тараптан тең жүздөгөн киши жабыркады. 

 

 



Тектеш кабарлар