Израилден эвакуациялар

Көптөгөн өлкөлөр өз жарандарын Израилден чыгарып кетүү иштерин улантууда.

2049193
Израилден эвакуациялар

Израилдеги чет элдик жарандар коопсуздук чараларынан улам эвакуацияланууда.

Көптөгөн өлкөлөр өз жарандарын Израилден чыгарып кетүү иштерин улантууда.

Германия Израилден өз жарандарын эвакуациялоого даярданууда. Германиянын Люфтганза авиакомпаниясынын Израилге 4 каттам жасай турганы белгиленди.

Греция Израилдеги дагы 90 жаранын эвакуациялаганын жарыялады.

Бразилиянын президенти Лула да Силва эвакуацияга жөнөтүлгөн биринчи учактын Тель-Авивге конгондугун билдирди.

Аргентина да Израилден өз жарандарын өлкөгө алып кетүү темасын карап жатат. Аргентиналык расмий өкүлдөр жарандарынын кайтуулары үчүн ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн билдиришти.

Колумбия да өз жарандарын эвакуациялоо үчүн Израилге аскерий учак жөнөтөрүн жарыялады.

Италия болсо Израилдеги өз жарандарын өлкөгө алып бара баштаган жана биринчи этапта 200 киши борбор шаар Римге жетти.



Тектеш кабарлар