Израилде чыккан жалган маалыматтар боюнча иликтөө...

Анадолу агенттигинин (AA) кабарчысы Израиль армиясынын басма сөз катчысына телефон аркылуу байланышып суроо узатты.

2049191
Израилде чыккан жалган маалыматтар боюнча иликтөө...

Израиль армиясынын басма сөз катчысы, Израиль басма сөзүндө айтылган жана социалдык медиада «Хамастын мүчөлөрү ымыркайлардын башын кесип салды» деген айыптоолорду тастыктай турган маалымат жок экенин билдирди.

Анадолу агенттигинин (AA) кабарчысы Израиль армиясынын басма сөз катчысына телефон аркылуу байланышып: «Хамастын кол салуусунан кийин Израилде «баштары кесилген ымыркайлар» табылганы тууралуу кабарлар чыктыбы? Муну тастыктай аласызбы же бул боюнча маалымат бере аласызбы?» деген суроону койду.

Басма сөз катчы: «Биз кабарды көрдүк, бирок алар боюнча бизде эч кандай маалымат жана ырастоо жок»,-деп жооп берди.

Хамас кыймылынын лидерлеринин бири Талал Нассар да туткунга алынган израилдик туткундар кыйноого алынган же өлтүрүлгөн деген айыптоолорду четке какты.

Катарда жайгашкан Al-Jazeera телеканалына маалымат берген Нассар: «Каршылык көрсөткөндөрдүн Израилдин туткундарын өлтүрүшү же кыйнашы мүмкүн эмес. Колу канга малынган, чыныгы кылмышкерлер - фактыларды бурмалаган баскынчылар. Каршылык көрсөтүү күчтөрү туткундарга бардык гумандуу мамилени жасоодо»,-деди.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар