Зеленский Румынияда

Украинанын президенти Владимир Зеленский  менен Румыниянын  президенти Клаус Вернер Иоганнис эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча макулдашууга жетишти.

2049045
Зеленский Румынияда

Украинанын президенти Владимир Зеленский  менен Румыниянын  президенти Клаус Вернер Иоганнис эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча макулдашууга жетишти.

Зеленский  расмий сапар менен барган Румыниянын борбор шаары  Бухарестте президент Клаус Вернер Иоганнис  менен жолугушту. Андан кийин делегациялар аралык жолугушууларга өтүлдү.

Зеленский жолугушуулардан кийин өткөрүлгөн  биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөдү. 

Украина менен Румыниянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишим түзүлгөнүн белгилеген Зеленский бул деңгээлдеги карым - катнаштарды түзүүгө даяр экендиктерин жана аны ишке ашыруу үчүн даярдык көрүү боюнча тапшырма бергендерин билдирди.

Зеленский Румынияда украиналык учкучтарды Ф - 16 учагы үчүн окутууга байланыштуу абдан маанилүү чечим кабыл алынганын баса белгилеп : "Окуу борбору түзүлүүдө. Урматтуу президент  (Иоганнис) менен бул окутууну кантип тездетсе болорун талкууладык жана украиналык учкучтарды окутуунун биринчи толкунуна кошуу керек деп макулдаштык",- деди. 

Румыниянын Украинага аскердик колдоосуна байланыштуу «артиллериялык жана абадан коргонуу системалары тууралуу жакшы жаңылыктардын боло тургандыгын» айткан Зеленский президент Йоханнис менен портторду, ошондой эле Украина, Молдова, Румыния аймагын жана адамдарды коргоо үчүн ыктымалдуу   биргелешкен аракеттерди сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Президент Иоганнис болсо : «Россияга каршы жеңишке жеткенге чейин, Украинанын бардык жерлери бошотулганга чейин  бардык кылмыштар үчүн жооптуулар жоопко тартылат, андан кийин  Украинаны кайрадан куруу  процессинде зарыл болсо  аскердик жардам да болгон көп тараптуу  жана  мазмундуу түрдө  Украинаны жана элин толук чечкиндүүлүк менен колдоону улантабыз",- деди.   



Тектеш кабарлар