Аббас менен Гутеррештин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда Аббас БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2048734
Аббас  менен Гутеррештин  телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас БУУну Израилдин өзгөчө Газа тилкесиндеги кол салууларын токтотуу үчүн кийлигишүүгө чакырды.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда Аббас БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Газа тилкесиндеги Палестина калкына гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген Аббас Газа тилкесинде гуманитардык кырсыкты алдын алуу БУУнун  кийлигишүүсү    жана Палестина элине эл аралык коргоону камсыз кылуу үчүн эл аралык мыйзамдаштырылган милдеттерин аткаруусу керектигин белгиледи.

Аббас аймактагы чыңалууну токтотуунун бир гана жолунун Израилдин борбор шаары Кудс болгон Палестина мамлекетинин жерин басып алуусун токтотуу менен түзүлө саясий чечим экенин белгиледи.

Гутерреш да БУУнун Газа тилкесине чукул түрдө гуманитардык жардамдын берилиши жана уланып жаткан чыңалуунун төмөндөтүлүшү максатында тийиштүү бардык эл аралык тараптар менен байланыш түзүүгө аракет кылып жатканын да белгиледи.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары ишемби күнү Израилге «Акса топону» аттуу кол салуу баштагандыгын жарыялаган. Газадан Израиль багытына миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор да аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да аскердик учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштагандыгын билдирген.

Күч алган чыңалууда эки тараптан жүздөгөн киши каза болду.



Тектеш кабарлар