Хизбуллахтан Хамаска колдоо билдирүүсү

Хизбуллахтын жазуу түрүндөгү билдирүүсү уюмга жакындыгы менен таанылган Al Mayaden телеканалынын интернет сайтында бөлүшүлдү.

2047704
Хизбуллахтан Хамаска колдоо билдирүүсү

Ливандагы Хизбуллах кыймылы Хамастын Израилге каршы баштаган чабуулун колдогондорун жарыялады.

Хизбуллахтын жазуу түрүндөгү билдирүүсү уюмга жакындыгы менен таанылган Al Mayaden телеканалынын интернет сайтында бөлүшүлдү.

Хамастын Газа тилкеси аркылуу Израилге карай баштаган палестиналык каршылык көрсөтүү топтору чабуулу менен куттукталган билдирүүдө, Хамастын операциясынын «Израилдин уланып жаткан кылмыштарына жана ыйык нерселерди бузууларына чечкиндүү жооп» болгону белгиленди.

Хизбуллах «Араб, ислам өлкөлөрү жана дүйнөнүн бардык эркин элдерин Палестина элин жана анын каршылык көрсөтүү кыймылын колдоого чакырды».

Билдирүүдө, Хизбуллахтын Палестинанын талаасындагы окуяларды жакындан байкаганы жана палестиналык тараптар менен тынымсыз байланышта болгону белгиленди.

Израиль өкмөтүнүн Палестинанын каршылык көрсөтүүсүнүн талаада үйрөткөндөрүнөн сабак алышы керектиги билдирилип, мунун бүткүл эл аралык коомчулукка жана ислам дүйнөсүнө, өзгөчө Израиль менен нормалдашууну көздөгөндөргө бир билдирүү экени белгиленди.



Тектеш кабарлар