Израилдин блокададагы Газага кол салууларынан каза болгондордун саны өсүүдө...

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Хамастын «Акса топону» операциясынан кийин Израиль баштаган каршы кол салууларда Палестина тараптан жабыркагандар тууралуу маалымат берди.

2047742
Израилдин блокададагы Газага кол салууларынан каза болгондордун саны өсүүдө...
israil gazze saldiri.jpg
gazze bombalama

Израилдин блокададагы Газага  кол салууларында каза болгондордун саны 370ке жетип, 2200 киши жараланды.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлиги Хамастын «Акса топону» операциясынан кийин Израиль баштаган каршы кол салууларда Палестина тараптан жабыркагандар тууралуу маалымат берди.

Билдирүүдө Израилдин Газага карай кол салууларында 370 кишинин каза болгону, 2200 кишинин жараланганы белгиленди.

Бүгүн эртең менен Израилдин согуштук учактары Газадагы өкмөткө караштуу Эмгек директорлугунун имаратын ракета менен бутага алды. Бомбаланган имарат талкаланды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль армиясынын согуштук учактары Газанын борборундагы Эр-Римал районундагы Эш-Шухеда көчөсүндөгү кээ бир басма сөз жана фирма кеңселерин камтыган 14 кабаттуу «Палестина» турак жайына кол салышты.

Окуядан улам тегеректеги имараттарга да зыян келтирилип, аймакта электр жарыгы үзгүлтүккө учураганы айтылды.

Ички иштер министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү жарыясында 15 батирлүү имараттын да Израиль согуштук учактары тарабынан бутага алынганы белгиленди.

Министрликтин басма сөз катчысы Ияд ел-Безм, Израилдин кол салууларында бутага алынган имараттардын аскердик максатта колдонулганы жөнүндөгү билдирүүлөрдү четке кагып, Израилдин палестиналык жарандарды өлтүргөндөрдү актоого жана өзүн акылуу көрсөтүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадасы көп кабаттуу имаратка сокку урулгандан кийин Тель-Авив багытында 150 ракета атылганын жарыялады.

Израилдин абадан коргонуу системасы Темир Күмбөздүн Газадан атылган ракеталарды абада жок кылышынын натыйжасында Кудстун асманында катуу жарылуулар угулду.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Израилдин согуштук учактары Хан Юнус шаарынын Аль-Ябани районундагы Хабиб Мухаммед мечитин да бутага алды.

Кол салууда мечиттин талкаланганы билдирилип, кыйраган мечиттин сүрөттөрү да социалдык медиада бөлүшүлдү.

Израиль басып алган Батыш Шерианын түштүгүндөгү Эл Халил шаарындагы Ибрахим мечитин кийинки билдирүүгө чейин жапты.

Эл Халил Фондунун башкы директору Надал Кабери жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө:"Окупанттар Ибрахим мечитин кийинки билдирүүгө чейин жаап жатышат. Мусулмандардын сыйынуу эркиндигине жаңы кол салуу катталды." ал айтты.

Ошол эле учурда Чек арасыз кабарчылар уюмунун (RSF) билдирүүсүндө, Газага жакын жерде 2 палестиналык фотожурналист каза болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө бул кылмыштар айыпталып, тараптарды журналисттерди коргоого чакырылды.

Өлтүрүлгөн кабарчылар Айн Медиада иштеген Ибрагим Лафи жана Айн Рабиада иштеген Мохаммад ал-Салихи экени кабарланды.

Бир тараптан оккупацияланган Батыш Шериада израилдик аскерлердин ок атуусунун натыйжасында 6 палестиналык каза болду.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шериадагы Рамаллах, Жерихо, Калкилья жана Хеброн шаарларында каза болгондордун арасында 13 жана 18 жаштагы эки кишинин бар экени белгиленди.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай жамааттары Чыгыш Кудс жана Батыш Шериада жараланган 92 кишиге тез жардам кызматын көрсөткөнүн жарыялады.

Израиль армиясынын палестиналыктарга каршы чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ бомбаларын колдонгону белгиленди.



Тектеш кабарлар