НАТО милдеттендирген британ аскерлери Косоводо

Түркия 10 - октябрда 1999 - жылдан бери Косоводо кызмат кылып келе жаткан  тынчтык  күчтөрүнүн командирлигин биринчи жолу өткөрүп алат.

2047549
НАТО милдеттендирген  британ аскерлери Косоводо

Косовонун түндүгүндө болгон окуялардан кийин НАТОнун талабы боюнча дайындалган 200 британ аскери Косового барды.

НАТОнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө НАТОнун Косоводогу Тынчтык күчүн (KFOR) бекемдөө үчүн кечээ 200 британ аскеринин биринчи контингентинин Косового баргандыгы белгиленди.

"Аскерлер Косоводогу 400 адамдан турган британиялык контингентке кошулду", - деп айтылды билдирүүдө.

Британиянын Коргоо министрлиги 24  - сентябрда Косовонун түндүгүндөгү окуялардан кийин британ күчтөрүн НАТОнун Косоводогу тынчтык миссиясына жайгаштыруу чечиминин кабыл алынганын жарыялады.

КФОР 27 өлкөдөн 4500гө жакын аскер кызматкери менен 1999 - жылдын 12 -  бери Косоводогу тынчтыкты колдоо операциясын аймактагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү колдоо максатында жетектеп келет.

Түркия 10 - октябрда 1999 - жылдан бери Косоводо кызмат кылып келе жаткан  тынчтык  күчтөрүнүн командирлигин биринчи жолу өткөрүп алат. 

Генерал - майор Өзкан Улуташ 1 жыл КФОРдун командирлигин аткарат.



Тектеш кабарлар