Герцог : Хамас Ирандан алган буйрук менен кол салды

Исаак Герцог эл аралык коомчулукту “Хамасты жана анын өнөктөшү жана колдоочусу Иранды эч кандай шартсыз айыптоого” чакырды.

2047669
Герцог  : Хамас Ирандан алган буйрук менен кол салды

Израилдин президенти Исаак Герцог Хамастын өлкөсүнө каршы чабуулдарын блокададагы Газа тилкесинен Ирандан алган буйрук жана колдоо менен баштагандыгын айтты.

Израиль президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Херцог Хамастын Ирандагы командирлеринен буйрук жана колдоо алуу менен Израилге каршы «себепсиз кандуу кол салуу» баштагандыгын айтты.

Израиль жарандарына карата коркунучту жок кылуу үчүн бардык чараларды көрө тургандарын белгилеген Херцог Израилдин кыйынчылыктарды жеңе тургандыгын айтты.

Исаак Герцог эл аралык коомчулукту “Хамасты жана анын өнөктөшү жана колдоочусу Иранды эч кандай шартсыз айыптоого” чакырды.



Тектеш кабарлар