Түндүк Кореянын Орусияга курал жөнөткөндүгү айтылууда

Ким Путин менен 13-сентябрда Орусиянын Амур облусундагы Востончний космодромунда жолугушкан.

2047362
Түндүк Кореянын Орусияга курал жөнөткөндүгү айтылууда

Түндүк Кореянын Орусияга курал-жарак бере баштаганы айтылды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) медиа мекемелеринин бири CBS News, атын атагысы келбеген бир америкалык жетекчиге таянган отчетунда, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин «курал берүү жана аскердик кызматташтык "темалары талкууланган жолугушуусунан кийин Пхеньяндын Москвага курал жөнөтө баштаганын билдирди.

Кабарда Түндүк Кореянын жөнөтө баштаганы айтылган куралдардын ордуна Орусиядан эмне алганы же аталган жүктүн «узак мөөнөттүү жеткирүү чынжырынын бир бөлүгүбү же андан да чектелүү бир жөнөтүүбү» белгисиз экени маалымдалды.

Ким Путин менен 13-сентябрда Орусиянын Амур облусундагы Востончний космодромунда жолугушкан.

Ким менен сүйлөшүүлөрдү «жемиштүү» деп сыпаттаган Путин, аймактагы абал жана эки тараптуу карым-катнаштар тууралуу пикир алмашкандарын белгилеген.

АКШ, Түштүк Корея жана Япония Ким менен Путиндин жолугушуусунда “курал-жарак берүү жана аскерий кызматташтык” темаларынын талкууланышына каршылык көрсөтүшкөн.



Тектеш кабарлар