Шольц-Алиев сүйлөшүүсү

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда, Германиянын канцлери Шольц президент Алиевге телефон чалып, аймактык маселелер боюнча пикир алышышты.

2046707
Шольц-Алиев сүйлөшүүсү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Германиянын канцлери Олаф Шольц телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Германиянын канцлери Шольц президент Алиевге телефон чалып, аймактык маселелер боюнча пикир алышты.

Шольц Германия катары аймактагы өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн колдой турганын билдирди.

Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жүргүзгөн Брюссель процессине да колдоо көрсөткөнүн белгилеген Шольц, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) миссиясынын аймакка жасаган сапарын да оң баалагандарын айтты.

Президент Алиев болсо Азербайжандын аймактык тынчтык күн тартибине берилгендигин билдирип, Брюссель процессин колдогондорун баса белгиледи.

Карабахтын армян тургундарына борбордук өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардамга көңүл бурган Алиев, бул тургундарга миграция жана социалдык коопсуздук тармактарында жеринде кызмат көрсөтүлгөнүн, тиешелүү каттоо процесстери башталганын жана ушул максатта өзүнчө интернет порталы ачылганын айтты.

БУУнун миссиясынын аймакка сапары тууралуу да сөз кылган Алиев, миссиянын билдирүү жасап, карапайым калк жана жарандык инфраструктурага эч кандай зыян келтирилбегенин жарыялаганын эске салды.



Тектеш кабарлар