Кытайдын суу астында жүрүүчү кемесинде 55 моряк каза болгону айтылууда

Бул тууралуу Англиянын «Таймс» жана «Дейл Мэйл» гезиттери британ чалгындоосу тарабынан ачыкка чыгарылган «жашыруун» коддуу кабарга таянып беришкен.

2046483
Кытайдын суу астында жүрүүчү кемесинде 55 моряк каза болгону айтылууда

Кытайдын өзөктүк кубаты бар суу астындагы кемесинин Сары деңизде душмандын суу астындагы кемелери үчүн түзүлгөн тузакка илинип тыгылып калганы жана 55 кишилик экипажынын да каза болгондугу билдирилди.

Англиянын «Таймс» жана «Дейл Мэйл» гезиттеринин кабарына караганда, британ чалгындоосу тарабынан ачыкка чыгарылган «жашыруун» коддуу кабарга таянып, Кытай Элдик Боштондук Армиясы (КЭБА) деңиз флотуна караштуу атомдук суу астында жүрүүчү кеме 21-августта Кытайдын түндүгүндөгү Шандунг провинциясынын жээгинде «казык жана чынжыр» деп аталган суу астындагы тоскоолдукка тыгылып калган.

Чалгындоо отчетунда Кытайдын «АКШ жана союздаш суу астындагы кайыктары үчүн койгон» тузагына илинип калган суу астындагы кеменин 6 саат бою сууга чыга албаганы, батареялары түгөнүп, кычкылтек системасы иштебегендиктен, арасында суу астындагы кеменин капитаны полковник Шуе Йонг-Пинг да болгон 22 деп белгиленген офицерлер, 7 курсант офицер, 9 кенже лейтенант жана 17 катардагы аскерден турган 55 кишилик экипаждын кычкылтек жетишсиздигинен улам каза болгондугу билдирилди.

Dail Mail гезитине маалымат берген британиялык суу астында жүрүүчү кеменин кызматкери, кыязы, Кытай окуя болгондо куткаруу үчүн эл аралык колдоону каалабаса керек деп комментарий берди.

Кытай окуяны азырынча тастыктай элек, Британиянын Королдук деңиз флоту да гезиттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Окуя болгон маалда Кытайда социалдык тармактарда Сары деңизге жакын жерде же Тайван кысыгында атомдук суу астында жүрүүчү кеме кырсыкка учурады деген кептер тараган.



Тектеш кабарлар