Түштүк Корея Түндүк Кореянын кеме өндүрүүчүлөрүнө  кибер чабуул жасагандыгын билдирди

Түндүк Кореянын лидери өлкөдө кеме куруу тармагын өнүктүрүүгө чакырган.

2046288
Түштүк Корея Түндүк Кореянын кеме өндүрүүчүлөрүнө  кибер чабуул жасагандыгын билдирди

Түштүк Корея Түндүк Кореянын кеме өндүрүүчүлөрүнө  кибер чабуул жасагандыгын билдирди.

Түштүк Кореянын Улуттук Чалгындоо Уюму август жана сентябрь айларында түндүк коерялык хакерлердин ата мекендик кеме куруучу компанияларга жана алардын кызматкерлерине бир нече кибер чабуул жасоого аракет кылышкандарын билдирди. 

Түндүк Кореялык хакерлердин сөз болгон фирмалардын купуя маалыматтарын алуу үчүн кызматкерлерге электрондук кат жөнөткөнүн белгилеген Түштүк Кореянын Улуттук Чалгындоо Уюму  кибер кол салуулардын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын «орто жана чоң масштабдагы аскердик кемелердин өндүрүү» буйругунан кийин жасалгандыгын болжолдоодо. 

Билдирүүдө Түндүк Кореянын түштүк кореялык кеме куруучу жана тетик чыгаруучу фирмаларга карата кибер чабуулдарынын улана турганы боюнча тынчсыздануулардын бар экендиги белгиленди.

Түндүк Кореянын лидери өлкөдө кеме куруу тармагын өнүктүрүүгө чакырган. 

 



Тектеш кабарлар