Швециянын НАТОго мүчөлүгү

Швеция басма сөзүнө өлкөсүнүн НАТОго кайрылуусу тууралуу билдирүү жасаган Кристерссон, Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө Түркиянын чечим чыгара турганын белгиледи.

2045944
Швециянын НАТОго мүчөлүгү

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк арызынын Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан ушул айдын ичинде кабыл алынаарын так айта албасын билдирди.

Швеция басма сөзүнө өлкөсүнүн НАТОго кайрылуусу тууралуу билдирүү жасаган Кристерссон, Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө Түркиянын чечим чыгара турганын белгиледи.

Кристерссон: «НАТОго мүчөлүгүбүз октябрь айында бекитилет деп убада бере албайм, бул чечим Түркияга тиешелүү, Түркия өз чечимин чыгарат»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынан кийин Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүү процессинин «мүмкүн болушунча кыска убакытта» Парламентке жөнөтүлүшү боюнча макулдашкандарын белгилеген Кристерссон: «Баары муну парламент ачылгандан кийин Швециянын НАТОго мүчөлүгү бекитилет деп чечмелеп жатышат. Парламент азыр ачылды. Менимче Швециянын НАТОго мүчөлүгү бекитиле турган учур келди»,-деди.



Тектеш кабарлар