Филиппинде жер титиреди

Болжол менен 120 километр тереңдикте катталган 6,4 баллдык жер титирөөдө, алдын ала маалыматтарга караганда адам өмүрүнө зыян келген жок.

2046299
Филиппинде жер титиреди

Филиппиндин түштүгүндө күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Американын Геологиялык изилдөөлөр кызматы (USGS) жер титирөөнүн очогунун өлкөнүн түштүгүндөгү Сарангаи шаарынын жээгинде болгонун билдирди.

Болжол менен 120 километр тереңдикте катталган 6,4 баллдык жер титирөөдө, алдын ала маалыматтарга караганда адам өмүрүнө зыян келген жок.

Сентябрь айында өлкөдө күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Дүйнөдө сейсмикалык активдүүлүк эң көп катталган өлкөлөрдүн бири болгон Филиппин Тынч океан сейсмикалык зонасында жайгашкан.



Тектеш кабарлар