Орусия: "Карабахта ок атышпоо режими бузулду"

Министрликтин билдирүүсүндө, Карабахтагы абал тууралуу маалымат берилди.

2045400
Орусия: "Карабахта ок атышпоо режими бузулду"

Орусиянын Коргоо министрлиги, Карабахта ок атышпоо режиминин бузулганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Карабахтагы абал тууралуу маалымат берилди.

Аймакта ок атышпоонун бузулгандыгы айтылган билдирүүдө: «Ханкенди шаарындагы Орусия-Азербайжан биргелешкен күзөтүнө белгисиз киши снайпердик мылтык менен ок чыгарды. Адам өмүрүнө зыян келген жок»,-деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө темага байланыштуу Орусиянын Тынчтык күчү, Азербайжан тарап жана Карабахтагы армян калкынын өкүлдөрү менен бирге иликтөө иштеринин жүргүзүлгөнү маалымдалды.



Тектеш кабарлар