Ливиядагы селден каза болгондордун саны

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) сел апаатынан жабыркаган Ливия боюнча жаңы отчетун жарыялады.

2045233
Ливиядагы селден каза болгондордун саны

Ливиянын чыгышында 10-сентябрда болгон сел апаатынын кесепетинен каза тапкандардын саны 4 миң 255 деп жаңыланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) сел апаатынан жабыркаган Ливия боюнча жаңы отчетун жарыялады.

Маалыматка ылайык, кырсыктан кийинки алгачкы эки жумада жергиликтүү жетекчилер, БУУнун жана башка жардам уюмдарынын биргелешкен аракети менен 125 миңден ашуун кишиге жетти.

Селден 250 миң адам жабыркап, 40 миң адам өлкө ичинде жер которууга аргасыз болду жана 4 миң 255 адам каза тапты.

Жардам топтору 452 кишини куткарышты, 8 миң 540 киши болсо дагы деле дайынсыз болууда.

Гуманитардык жардам уюмдары мектептерди тез арада ачуу, жабыркаган аймактарды оңдоо жана тазалоо аракеттерине колдоо көрсөтүштү.

Апааттан жапа чеккендердин ичүүчү таза сууга, психологиялык жардамга жана өнөкөт ооруларды дарылоо үчүн дары-дармектерге жетүүсү артты.

Борбордук Жер Ортолук деңизине таасир эткен «Даниел бороону» 10-сентябрда Ливиянын чыгышындагы Бенгази, Бейда, Мерк, Сусе жана Дерна шаарларында селге себеп болгон.



Тектеш кабарлар