Лавров Сочиде журналисттердин суроолоруна жооп берди

Лавров Карабахта иш-аракеттердин уланып жатканын айтты.

2045350
Лавров Сочиде журналисттердин суроолоруна жооп берди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Карабахта нормалдуу жашоону калыбына келтирүүгө карата шарттарды түзүү үчүн Азербайжан менен иштешип жаткандарын билдирди.

Лавров, Сочиде өткөрүлгөн "Валдай" эл аралык талкуу клубунун жылдык жыйынынын алкагында Азербайжандын Карабах аймагындагы абал тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Карабахта иш-аракеттердин уланып жатканын белгилеген Лавров: «Карабахтагы кырдаалды турукташтыруу, ал жактагы ишенимди чыңдоо, азербайжандыктар менен армяндардын жалпы жашоосун улантуусу үчүн нормалдуу жашоону калыбына келтирүүгө карата шарттарды түзүү боюнча азербайжандык кесиптештерибиз жана коңшуларыбыз менен иштеп жатабыз. Ереван да бул тема менен алектенип, бул үчүн аракет кылат деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар