Грэм: "Украинага колдоо көрсөтүүнү токтотуу Ооганстандан чыгып кетүү чечиминен 10 эсе жаман болот"

Түштүк Каролина сенатору Грэм АКШда CBS телекөрсөтүүсүнө сүйлөп жатып, Орусияга каршы Украинага берилген колдоонун жана өлкөнүн түштүк чек арасынын коопсуздугунун маанилүүлүгүнө көңүлдөрдү бурду.

2045514
Грэм: "Украинага колдоо көрсөтүүнү токтотуу Ооганстандан чыгып кетүү чечиминен 10 эсе жаман болот"

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) республикачыл сенатор Линдси Грэм өлкөсүнүн Украинага колдоо көрсөтүүнү токтотсо, Ооганстандан чыгып кетүү чечиминен "10 эсе чоң жаңылыштык" кылган болот деп билдирди.

Түштүк Каролина сенатору Грэм АКШда CBS телекөрсөтүүсүнө сүйлөп жатып, Орусияга каршы Украинага берилген колдоонун жана өлкөнүн түштүк чек арасынын коопсуздугунун маанилүүлүгүнө көңүлдөрдү бурду.

Терроризмге каршы согушта эң чоң жаңылыштыктын (2020-жылы) Афганистандан чыгып кетүү менен жасалганын билдирген Грэм: «Эгер биз Украинага колдоону токтотсок, бул Ооганстандан (чыгып кетүү чечиминен) 10 эсе жаман болот»,- деди.

Украинага каржылык колдоону токтотуунун Тайвань үчүн өлүм жазасына тартылуу дегенди билдиргенин айткан Грэм: «Согуш басаңдабай эле курчуп баратат. Тайвань колдон чыгууда. Украина Орусияны жеңе алса, Кытайдын Тайванды басып алуу ыктымалдыгы азаят жана (Орусиянын президенти Владимир) Путин токтотулат»,- деди.

Республикачыл сенатор Грэм Конгресстеги республикачылардын көбүнүн Украинанын чек ара коопсуздугун каржылоону колдой турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар