Черногорияда жалкоолук боюнча мелдештер өтүүдө
Быйыл 12-ирет өткөрүлгөн кызыктуу мелдеште кечээ 46-күнгө кирген атаандаштар 1080 саатты артка калтырышты.
2045590
![Черногорияда жалкоолук боюнча мелдештер өтүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/85fa/136e/b8dc/651bd404c4ecb.jpg?time=1718961740)
Балкан өлкөсү Черногорияда салтка айланган "эң узак жатуу" мелдеши 46 күндөн бери уланууда.
18-августта Никшич шаарына жакын Брезна этно айылында 21 катышуучу менен башталган мелдеште ушул убакка чейин жаткан 3 адам 1000 евро сыйлык жана "эң жалкоо атуул" наамын алуу үчүн жарышууда.
Быйыл 12-ирет өткөрүлгөн кызыктуу мелдеште кечээ 46-күнгө кирген атаандаштар 1080 саатты артка калтырышты.
Мелдештин эрежелерине ылайык, катышуучуларга уктап, тамак-аш, суусундукка болгон муктаждыктарын канааттандырып, китеп окууга жана телефон колдонууга уруксат берилсе, туруу эрежени бузуу болуп эсептелет.
Атаандаштар ар бир 8 саат сайын жеке муктаждыктарын канааттандыра алышат.