Мексикадагы кырсык: 10 мигрант каза болду

Кырсыктын Гватемала чек арасынан 175 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Пижижиапан шаарына жакын трассада болгону кабарланды.

2044850
Мексикадагы кырсык: 10 мигрант каза болду

Мексиканын түштүгүндө мигранттарды ташыган жүк ташуучу унаанын оодарылып кетишинен 10 киши каза болуп, 15 кишинин жаракат алганы маалымдалды.

Чиапас аймагынын расмий өкүлдөрү кырсыктын Гватемала чек арасынан 175 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Пижижиапан шаарына жакын трассада болгонун жарыялашты.

Жетекчилер кырсыктан алдын ала маалыматтар боюнча 10 мигрант каза болуп, 15 адамдын да жаракат алганын, бирок каза болгондордун улуту тууралуу маалымат берилбегенин белгилешти.

Бир тараптан Associated Press (AP) кабар агенттигине маек курган жана мамлекеттик прокуратурада иштегенин билдирген атын атабаган бир булак, каза болгондордун жүк ташуучу унаада автостоп менен бара жаткан кубалык мигранттар экенин айтты.

Жабыркагандардын канчасы мигрант экени, ден соолугунун абалы жана улуту боюнча азырынча маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар