Ливия селде каза болгон 64 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын жарыялады

Ливия Улуттук Өкмөтү акыркы  48 сааттын ичинде 64 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын билдирди.

2044435
Ливия селде каза болгон 64 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын жарыялады

Ливия 10 -  сентябрда Борбордук Жер Ортолук деңизинде болгон "Даниел" бороону жол ачкан селдин жараларын айыктырууга аракет кылууда. 

Ливия Улуттук Өкмөтү акыркы  48 сааттын ичинде 64 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын билдирди. 

Өкмөткө караштуу Тез жардам жана колдоо борборунун басма сөз катчысы Мухаммед Каблан  селден жабыркаган  аймактарда бүгүн 371, кечээ 343 кишиге медициналык жардамдын көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Борбордук Жер Ортолук деңизинде жана 10 - сентябрда Ливиянын чыгышында катуу болгон «Даниел» бороонунан улам Бенгази, Бейда, Мерк, Сусе жана Дерна шаарларында сел жүрдү.

Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер - министри Абдулхамид Дибейбе 11 - сентябрда селден улам өлкө боюнча 3 күндүк аза күтүү жарыялап, Ливиянын Президенттик кеңеши да селден жабыркаган аймактар ​​үчүн боордош өлкөлөрдөн жана эл аралык мекемелерден жардам сураган.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  да Ливиядагы селден 4 миңден ашуун кишинин каза болгондугун, 8 миң 500дөн ашуун кишинин азыр да  дайынсыз экендигин  жарыялаган.



Тектеш кабарлар