Израиль Батыш Шериа жана Газага кирип - чыгууларды эки күнгө токтотот

Израиль басып алган Батыш Шериадагы бардык өтмөктөрдү жана Газа тилкесиндеги чек ара дарбазаларын «Сукот (чатыр) майрамынан» улам жаба тургандыгын жарыялады.

2044025
Израиль Батыш Шериа жана  Газага кирип  - чыгууларды эки күнгө токтотот

Израиль басып алган Батыш Шериадагы бардык өтмөктөрдү жана Газа тилкесиндеги чек ара дарбазаларын «Сукот (чатыр) майрамынан» улам жаба тургандыгын жарыялады.

Израиль өкмөтүнүн Палестина аймактарындагы «операцияларынын» координатору Гассан Аляндын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, коопсуздук тууралуу абалга баа берүү жана саясий фронттон келген директивалардын негизинде  Иудея, Самария жана Газа менен чек ара дарбазаларынын жабылары  белгиленди.

Өтмөктөрдүн бейшемби күнү түн жарымынан  30 -  сентябрь түн жарымына чейин токтотулары билдирилген маалыматта  48 саатка созула турган жабылуу учурунда Израиль өкмөтүнүн Палестина территориясындагы операцияларынын координаторунун макулдугу менен гуманитардык жана ден  соолукка байланыштуу өзгөчө учурларда гана кирүү жана чыгууга уруксат берилери айтылды.

Бул жылы  29 -  сентябрь  жана 6 -  октябрьдын арасында белгилене турган майрам Азырети Муса менен бирге Египеттен чыккан Исраил уулдарынын чөлдө  тапкан бутактар жана жалбырактардан кураган  чатырларда жашоосунун элесине «Сукот» деп аталууда.

Еврейлердин  ишеничи боюнча «Сукот майрамы» Израил уулдарынын чөлдө  убактылуу баш калкалоочу жерлерде жашап кыдырган кырк жылды билдирет.



Тектеш кабарлар