Дюжаррик: «Эки мамлекеттүү чечимди колдоону улантабыз»
Дюжаррик күнүмдүк пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
![Дюжаррик: «Эки мамлекеттүү чечимди колдоону улантабыз»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c8c2/089d/8665/5e200abe30467.jpg?time=1719312703)
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, Израиль-Палестина маселесинде эки мамлекеттүү чечимди колдоону уланта тургандарын билдирди.
Дюжаррик күнүмдүк пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Бириккен Улуттар Уюмунун 78-Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө тарыхый Палестина жерлерин Израилдин чек арасында көрсөткөн картаны колдонуусуна реакциясы тууралуу суроого Дюжаррик: «Мүчө өлкөлөрдүн Башкы ассамблеяда айткандарына жана көрсөткөндөрүнө кийлигише албайбыз, кийлигишүүнү да каалабайбыз»,-деп айтты.
Бул картанын БУУнун позициясын чагылдырбаганын билдирген Дюжаррик: «Эки мамлекеттүү чечимди ар бир чөйрөдө колдоону улантабыз»,-деди.
Палестинанын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн Нетаньяхунун аракетин айыптаган катынын БУУнун баш катчысына жетип же жетпегенин азырынча тастыктай албаганын белгилеген Дюжаррик, мындай аракеттердин БУУнун позициясын өзгөртпөгөнүн айтты.