Виктор Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүүгө шашылбай тургандыгын билдирди
Орбан Венгрия парламентинде сүйлөгөн сөзүндө : "Швециянын коопсуздугун коркута турган эч нерсе жок»,- деди.

Венгриянын премьер - министри Виктор Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүүгө шашылбай тургандыгын билдирди.
Орбан Венгрия парламентинде сүйлөгөн сөзүндө : "Швециянын коопсуздугун коркута турган эч нерсе жок»,- деди.
Венгрия июнь айында Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүү сессиясы күзгө жылдырылганын жарыялаган.
2022 - жылы 24 - февралда Россия - Украина согушунун башталышынан кийин Финляндия менен Швеция ондогон жылдык «аскердик тарапсыздык» саясатын акырына чыгарды.
Эки өлкө өткөн жылы май айында НАТОго мүчлүк үчүн кайрылып, Түркияга берген убадаларын орундаткан Финляндия 4 - апрелде НАТОнун 31 - мүчөсү болгон.
Тектеш кабарлар

Мозамбиктеги холера эпидемиясы
Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү холера оорусу боюнча акыркы көрсөткүчтөрдү бөлүштү.