Түштүк Кореядан Түндүккө жооп кайтаруу эскертүүсү

Юн Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрүнүн 75 жылдыгынан улам борбор шаар Сеулдун жанындагы Сеул аба базасында өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

2042411
Түштүк Кореядан Түндүккө жооп кайтаруу эскертүүсү

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл Түндүк Кореянын провокацияларына жооп кайтара тургандарын билдирип: «Эгер Түндүк Корея өзөктүк курал колдонсо, анын режими Түштүк Корея-АКШ альянсынын кыйратуучу жообу менен жоюлат»,-деди.

Юн Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрүнүн 75 жылдыгынан улам борбор шаар Сеулдун жанындагы Сеул аба базасында өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

Түндүк Кореянын санкцияларга карабастан өзөктүк жана ракеталык потенциалын арттырганын маалымдаган Юн, бул өлкөнүн эл аралык коомчулукту «ачык түрдө өзөктүк курал колдонуу боюнча коркутканын» баса белгиледи. 

Юн Түндүк Кореянын провокацияларынын "эл үчүн экзистенциалдык коркунуч" жана "дүйнөдө тынчтыкка олуттуу кыр көрсөтүү" экенин айтып: «Армиябыз Түндүк Кореянын ар кандай провокациясына дароо жооп кайтарат. Түндүк Корея өзөктүк курал колдонсо, анын режими Түштүк Корея-АКШ альянсынын кыйратуучу жообу менен жоюлат»,-деп айтты.

Юн өлкөсүнүн АКШ жана Япония менен кызматташтыгын дагы да чыңдап, бул өлкөлөр менен тыгыз тилектештикте иш алып барарын жана Пхеньянга каршы катуу позицияны кармана турганын билдирди.



Тектеш кабарлар