Франция менен Италиянын тышкы иштер министрлери жолугушту
Колонна менен Таяни эки тараптуу жолугушуунун алдында биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна менен Италиянын вице - премьер - министри жана тышкы иштер министри Антонио Таяни Франциянын борбор шаары Парижде миграция маселесин талкуулашты.
Колонна менен Таяни эки тараптуу жолугушуунун алдында биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.
Миграция маселесин да сүйлөшө тургандарын белгилеген Колонна : "Мигранттардын агымына каршы Италия менен толук тилектешпиз",- деди.
Колонна миграция маселесине Европа деңгээлиндеги кызматташтык аркылуу чечим табыла тургандыгын айтып : «Биз (регламентсиз мигранттар) муну менен негизги өлкөлөр жана транзиттик өлкөлөр менен дагы көп кызматташууну максат кылып жатабыз»,- деди.
Француз министри адам сатуучуларга каршы күрөшүү керектигин баса белгиледи.
Таяни да Италиянын миграция маселеси боюнча Франция менен кызматташууга даяр экендигин билдирип : "Африка континентиндеги жана Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукту эске алып, Бириккен Улуттар Уюму Миграция боюнча Эл аралык уюм жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары аркылуу (миграция маселесине) кийлигишүүсү керек деп ойлойбуз",- деди.
Тектеш кабарлар

Газа тилкесине гуманитардык жардам ташыган 100 жүк ташуучу унаа келди
Бул тууралуу Палестина Кызыл Жарым Айынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.