Энтони Блинкен АКШнын Азербайжандын аймактык бүтүндүгү боюнча суроого жооп берди

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен : «Эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк жана көз карандысыздык жөнүндө сөз болгондо, биз бардык тийиштүү адамдардын атынан бул маселелердин артында турабыз»,- деди.

2041211
Энтони Блинкен АКШнын Азербайжандын аймактык бүтүндүгү боюнча  суроого жооп берди

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, АКШнын Азербайжандын аймактык бүтүндүгү боюнча позициясына байланыштуу : «Эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк жана көз карандысыздык жөнүндө сөз болгондо, биз бардык тийиштүү адамдардын атынан бул маселелердин артында турабыз»,- деди.

Нью-Йорктогу Lotte Palace мейманканасында өткөн басма сөз жыйынында Блинкен журналисттин : «Армениянын премьер-министри Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүүңүздө АКШнын Армениянын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн толук колдой тургандыгын билдиргенсиз. Ошондой эле Карабах да болгон Азербайжандын жеринин бүтүндүгүн калыбына келтирүү укугун таанып жана колдойсузбу?" деген суроосуна жооп берди.  

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Карабах маселесине байланыштуу суроого жооп берген Блинкен бул аптада Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер - министри Никол Пашинян менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун белгилеп, аймактагы окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдиргендигин айтты.

Блинкен АКШнын күч колдонууга каршы экенин жана мунун тынчтык аракеттерине тоскоол болуп жаткандыгын билдирди.

Адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын эки өлкөгө да чоң пайда алып келерин белгилеген Блинкен мындай тынчтыктын «үч жылдык кагылышуудан кийин тарыхтын жүрүшүндө жакшы жакка күчтүү өзгөрүү» болоруна баа берди.



Тектеш кабарлар