Украина айыл чарба продукциялары импорттоого тыюу салган өлкөлөрдү сотко берди

Украина айыл чарба продукциясын импорттоого тыюу салган Польша, Словакия жана Венгрияга Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ) негизинде доо ачты.

2039339
Украина айыл  чарба продукциялары импорттоого тыюу салган өлкөлөрдү сотко берди

Украина айыл чарба продукциясын импорттоого тыюу салган Польша, Словакия жана Венгрияга Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ) негизинде доо ачты.

Украинанын Экономика министрлигинен жасалган билдирүүдө Европа Биримдигине мүчө Польша, Словакия жана Венгриянын Украинадан айыл чарба продукцияларын импорттоого тыюу салганы эске салынды.

Билдирүүдө мунун кабыл алынгыс экендиги баса белгиленип, бул өлкөлөрдүн эл аралык милдеттенмелерин бузгандыгы айтылды.

Билдирүүдө : "Айрым Европа Биримдиги өлкөлөрү Украинадан продукция алып кирүүгө тыюу сала албайт. Ошондуктан бул өлкөлөргө каршы Дүйнөлүк Соода Уюмуна доо арыз менен кайрылабыз. Ошол эле учурда бул өлкөлөрдүн чектөөлөрдү жойорун жана соттун көпкө созулбайт деп ойлойбуз.  Биздин  ынтымактыкка жана дыйкандардын кызыкчылыктарынын корголушуна мутаждыгыбыз бар",- деп айтылды. 

Европа Биримдиги комиссиясы Украинанын Европа Биримдигине дан жана башка азык  - түлүк экспортуна карата жасалганч ектөөчү чаралардын мөөнөтүнүн  15 -  сентябрда акырына чыгарын билдирген. Ушундайча Европа Биримдигинин Польша, Венгрия, Румыния, Словакия жана Болгарияга Украинадан дан импорттобоо чечими акырына чыккан. 

Дыйкандарын коргоо үчүн Украинанын эгинине коюлган чектөөнүн узартылышын каалаган Польша, Венгрия, Словакия жана Румыния Европа Биримдиги   чечпесе чектөөлөрдү бир тараптуу узарта ала тургандыктарын жарыялашкан.

Польшанын айыл чарба министри Роберт Телус Европа Биримдиги комиссиясынын чечими 15 - сентябрда жарыялангандан кийин: «Комиссия Украина данына тыюу салууну узартпайт, биз өзүбүз узартабыз»,- деген.



Тектеш кабарлар