Орусия BEACтан чыкты

BEAC 1993-жылы Баренц аймагындагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу максатында түзүлгөн.

2039179
Орусия BEACтан чыкты

Орусия Баренц Евро-Арктика Кеңешинен (BEAC) чыкты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, BEACтын 30 жылдан бери «түндүктө» ырааттуулукту камсыздаган жана эффективдүү иш жүргүзгөн формат экени айтылды.

Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия, Швеция жана Еврокомиссиядан турган BEACдагы батыш өлкөлөрү аталган форматты нейтралдаштырылганы белгиленген билдирүүдө: «Бул өлкөлөрдүн каталарынан улам 2022-жылдын мартынан бери Кеңештин ишмердүүлүгү шал болуп калды»,- деп маалымдалды.

Финляндиянын ротация принцибин бузуп BEACтын кезектешкен төрагалыгын Орусияга өткөрүп бербегени кабарланган билдирүүдө, «Учурдагы шарттарда Орусиянын BEACтан чыкканын жарыялоого аргасызбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө Орусиянын түндүк аймактары үчүн улуттук максаттарына жетүүнү уланта турганы баса белгиленди.

BEAC 1993-жылы Баренц аймагындагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу максатында түзүлгөн.



Тектеш кабарлар