Путин Кимдин Пхеньянга чакыруусун кабыл алды

Орусияга сапарынын эки тараптуу кызматташтыкты жана карым-катнаштарды жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн «маанилүү» мүмкүнчүлүк болгонун айткан Ким Чен, Путинди «ылайыктуу убакта» Түндүк Кореяга чакырды.

2037353
Путин Кимдин Пхеньянга чакыруусун кабыл алды

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Пхеньянга чакыруусун кабыл алды.

Түндүк Кореянын расмий Корея борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) билдиргенине караганда, Ким бул чакырууну Путин менен 4 жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу жолуккан Орусиянын Амур аймагындагы Восточный космодромунда өткөрүлгөн саммиттен кийин жасады.

Орусияга сапарынын эки тараптуу кызматташтыкты жана карым-катнаштарды жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн «маанилүү» мүмкүнчүлүк болгонун айткан Ким Чен, Путинди «ылайыктуу убакта» Түндүк Кореяга чакырды.

Билдирүүдө Путиндин бул чакырыкты кабыл алганы айтылды.



Тектеш кабарлар