Песков: "Түндүк Корея менен карым-катнаштарды бардык тармактарда өнүктүрөбүз"

Песков Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусуна байланыштуу билдирүү жасады.

2037555
Песков: "Түндүк Корея менен карым-катнаштарды бардык тармактарда өнүктүрөбүз"

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, аскердик жана техникалык кызматташтыктын өз ара аракеттенүүнүн өтө сезимтал тармактарынын категориясына киргенин айтып: «Түндүк Корея биздин коңшубуз жана мүмкүн болгон бардык чөйрөлөрдө мамилелерди жакшыртууну көздөп жатабыз, муну да ишке ашырабыз»,- деди.

Песков Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусуна байланыштуу билдирүү жасады.

Кимдин сапарынын өз убагында жана конструктивдүү болгонун белгилеген Песков, Түндүк Корея менен карым-катнаштарды өнүктүрүүнү уланта тургандарын билдирди.

Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы кызматташтыктын ар тармакта өнүктүрүлө тургана басым жасаган Песков: «Аскердик-техникалык кызматташтык өз ара аракеттенүүнүн өтө сезимтал тармактарынын категориясына кирет. Түндүк Корея биздин коңшубуз жана мүмкүн болгон бардык чөйрөлөрдө мамилелерди жакшыртууну көздөп жатабыз, муну да ишке ашырабыз»,-деп айтты.

Жолугушууда эки лидердин ар түрдүү деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашканын белгилеген Песков, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун октябрь айында Пхеньянга бара турганын маалымдады.

Путиндин Кимдин Түндүк Кореяга чакыруусун кабыл алганын билдирген Песков, сапарга байланыштуу берки деталдардын дипломатиялык каналдар аркылуу аныктала турганын айтты.

Восточный космодромундагы жолугушууда Путиндин Кимге орус өндүрүшү космостук колкап белек кылганын жарыялаган Песков, Түндүк Корея лидеринин Орусияга сапарынын канчага созула турганы тууралуу маалымат бере албасын, бул маалыматтын Түндүк Корея тараптын демилгесинде экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар