Израиль күчтөрү 2 палестиналыкты жаралап, 15 палестиналыкты камакка алды
Оккупациядагы Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблуста жергиликтүү жетекчилерден алынган маалыматка караганда Израиль күчтөрү Белде Бейт качкындар лагеринде тинтүү жүргүздү.
Израиль көчтөрү оккупациядагы Батыш Шеринанын түрдүү аймактарында жүргүзгөн тинтүүдө 2 палестиналыкты жаралап, 15 палестиналыкты камакка алды.
Оккупациядагы Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблуста жергиликтүү жетекчилерден алынган маалыматка караганда Израиль күчтөрү Белде Бейт качкындар лагеринде тинтүү жүргүздү.
Аймактын тургундары менен Израиль күчтөрүнүн ортосунда чыккан окуяларда 2 палестиналык чыныгы октон жараланып, ондогон киши газдан жабыркады.
Ушундай эле окуялар Батыш Шерианын түштүгүндө жайгашкан Бетлехемдин жанындагы Айде качкындар лагеринде да болду.
Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда, Израиль аскерлери лагерде тинтүү жүргүзүп, палестиналыктарга каршы чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.
Палестиналык туткундар клубунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Израиль армиясы Батыш Шерианын айрым аймак жана шаарларында 15 палестиналыкты камакка алды",- деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.