АКШ Түндүк Корея менен Орусиянын кызматташтыгына тынчсызданып жатат

Путин менен Ким кечээ Орусиянын Амур аймагындагы «Восточный» космодромунда жолугушкан.

2037419
АКШ Түндүк Корея менен Орусиянын кызматташтыгына тынчсызданып жатат

АКШда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш боюнча координатору Жон Кирби, Түндүк Корея менен Орусиянын ортосундагы коргонуу кызматташтыгына «тынчсыздангандарын» айтты.

Маалымат жыйынында Жон Кирби, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунун жыйынтыгын так билбегендерин белгилеп, Москванын Пхеньян менен потенциалдуу курал келишимине кол коюуга аракет кылып жатканын билдирди.

Кирби: «Буга чейин Иран менен Орусиянын ортосундагы коргонуу карым-катнаштары тууралуу айтканыбыздай эле, Түндүк Корея менен Орусиянын ортосундагы коргонуу тармагындагы кызматташтыкка байланыштуу да тынчсызданып жатабыз»,- деди.

Жон Кирби Орусиянын Түндүк Кореянын мыйзамсыз өзөктүк жана баллистикалык ракета программаларына колдоо көрсөтүүсү “маанилүү тынчсызданууга себеп болоорун” баса белгиледи.

Түндүк Кореянын эки өлкөнүн ортосундагы бул кызматташтык менен аскердик дараметин жакшырта ала турганын айткан Кирби, эки өлкө курал келишимине жетишсе «буга ылайыктуу түрдө чара көрө тургандарын билдирди.

Путин менен Ким кечээ Орусиянын Амур аймагындагы «Восточный» космодромунда жолугушкан.

Ким Чен жолугушуу алдындагы билдирүүсүндө, Путин жана орус өкмөтүнүн чечимдерин ар дайым колдогондорун белгилеп, Орусия менен карым- катнаштарын дагы да өнүктүрүүнү каалагандыктарын билдирген.

Путин да Ким менен жолугушуусун «жемиштүү» деп мүнөздөп, аймактагы абал жана эки тараптуу карым-катнаштар тууралуу пикир алмашкандарын айткан.



Тектеш кабарлар