Орусиянын президенти Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен билдирүү жасашты

Ким Чен Орусиянын космостук күчүн түзүү темасындагы бүгүнкүсүн жана келечегин өз көзү менен көргөнүн жана космостук державанын так жүрөгүндө, Орусияда абдан өзгөчө учурда жолугушуу өткөрүшкөнүн белгиледи.

2036911
Орусиянын президенти Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен билдирүү жасашты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түндүк Кореянын боштондукка чыгарылышында Советтер Союзунун чоң роль ойногонун билдирип: «Биздин достугубуздун тамыры терең. Азыр өлкөбүз үчүн биринчи орунда Орусия Федерациясы менен мамиле түзүү турат»,-деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Орусиянын Амур аймагындагы Восточный космодромунда жолугушуу алдында билдирүү жасашты.

Ким Чен Орусиянын космостук күчүн түзүү темасындагы бүгүнкүсүн жана келечегин өз көзү менен көргөнүн жана космостук державанын так жүрөгүндө, Орусияда абдан өзгөчө учурда жолугушуу өткөрүшкөнүн белгиледи.

Советтер Союзунун Түндүк Кореяны боштондукка чыгарууда жана көз карандысыздыгында чоң роль ойногонун айткан Ким Чен: «Биздин достугубуздун тамыры терең. Азыр өлкөбүз үчүн биринчи кезекте Орусия Федерациясы менен мамиле түзүү турат. Биргелешкен жолугушуубуз мамилелерибизди жаңы деңгээлге көтөрүүнүн дагы бир учуру болот деп ишенем»,-деди.

«Орусия эми өзүнүн мамлекеттик эгемендүүлүгүн коргоо жана ага каршы турган гегемондук державаларга каршы өз коопсуздугун коргоо үчүн күрөшкө киришти»,- деген Ким Чен Орусия менен карым-катнаштарын дагы да өнүктүрүүнү каалагандарын баса белгиледи.

Ким Чен Ын: «Биз Путиндин бардык чечимдерин жана орус өкмөтүнүн чечимдерин ар дайым колдоп келгенбиз жана колдойбуз. Империализмге каршы күрөштө жана суверендүү мамлекетти курууда ар дайым бирге болобуз деп ишенем»,-деди.

Путин болсо Түндүк Кореяны тааныган биринчи өлкө экендиктерин белгилеп, Түндүк Кореянын көз карандысыздык күрөшүнө жардам бергендерин эске салды.

Экономикалык кызматташтык жана гуманитардык темаларды сүйлөшө тургандарын маалымдаган Путин, аймактагы абалды да талкуулай тургандарын кабарлады.



Тектеш кабарлар