Сербия менен Косовонун лидерлери Брюсселде жолугушат
Сербиянын президенти Александр Вучич менен Косовонун премьер-министри Альбин Курти 1 4- сентябрда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигинин жетекчилигинде Белград - Приштина диалогунун алкагында жолугушат.
Сербиянын президенти Александр Вучич менен Косовонун премьер-министри Альбин Курти 14- сентябрда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигинин жетекчилигинде Белград - Приштина диалогунун алкагында жолугушат.
Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен жасалган билдирүүдө Белград - Приштина диалогунун жаңы жыйыны 14 - сентябрда боло тургандыгы белгиленди.
Билдирүүдө Борреллдин эки лидер менен жолугушуудан мурда Европа Биримдигинин атайын өкүлү Мирослав Лайчак менен пикир алмаша тургандыгы маалымдалды.
Лидерлер акыркы жолу 22 - июнда Брюсселде Европа Биримдигининн чакыруусу менен Косовонун түндүгүндө чыңалуунун күчөшүнөн улам жолугушкан.
Косовонун президенти Вйоса Османи 7 - сентябрдагы билдирүүсүндө Белград - Приштина диалог жолугушуусунан күткөндөрү тууралуу суроого: «Биз процесстин ийгилиги үчүн Европа Биримдигинен тең салмактуу мамиле күтөбүз. Бул тең салмактуулукту көрбөгөн айрым учурлар да болду",- деди.
Буга чейин түзүлгөн келишимдердин толук аткарылышын талап кылгандарын белгилеген Османи Сербияны келишимди толук аткарбаганы үчүн айыптады.
Мезгил - мезгили менен тирешкен эки өлкөнүн ортосундагы араздашуунун негизги себеби Сербиянын 2008 - жылы бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Косовону өз аймагы катары көрүүсү деп айтылууда.
Европа Биримдигинин ортомчулугу менен 2011 - жылы башталган Белград - Приштина диалог процессинин алкагында карым - катнаштардын нормалдашуусу жана акырында эки өлкөнүн бири - бирин таануусу үчүн орток жол табуу аракеттери көрүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.