Филиппинде жер титиреди

Жер титирөөнүн очогу Намуактан 73 чакырым түндүктө болгону билдирилди.

2036390
Филиппинде жер титиреди

Филиппиндин Намуак аймагында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык изилдөөлөр кызматы (USGS) жер титирөөнүн очогу Намуактан 73 чакырым түндүктө болгонун билдирди.

41,3 чакырым тереңдикте болгон 6,3 баллдык жеткен жер титирөөдө алдын ала маалыматтарга караганда адам өлүмү жана материалдык чыгым катталган жок.

Июнь айында өлкөдө күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Дүйнөдө сейсмикалык активдүүлүк эң көп байкалган өлкөлөрдүн бири болгон Филиппин Тынч океан сейсмикалык зонасында жайгашкан.



Тектеш кабарлар