Судандагы базарга багытталган аба чабуулунан 43 киши каза болду

Судандык дарыгерлер профсоюзу армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосунда уланып жаткан кагылышууда борбор шаар Хартумдун түштүгүндөгү базарды бутага алган абадан кол салууда 43 кишинин каза болгонун жарыялады.

2035484
Судандагы базарга багытталган аба чабуулунан 43 киши каза болду

Судандагы базарга багытталган аба чабуулунан 43 киши каза болду.

Судандык дарыгерлер профсоюзу армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосунда уланып жаткан кагылышууда борбор шаар Хартумдун түштүгүндөгү базарды бутага алган абадан кол салууда 43 кишинин каза болгонун жарыялады.

Судандык дарыгерлер профсоюзунун билдирүүсүндө, «Бүгүн эртең менен Хартумдун түштүгүндөгү Майо районунда катуу жана кандуу кагылышуулар болуп, ондогон адамдар каза болуп, жарадар болду»,деген билдирүү киргизилген.

Билдирүүдө коңшулаш Горо базарына абадан жасалган кол салуудан 43 кишинин каза болгону, кеминде 55 кишинин жараланганы белгиленди.

Судан армиясынын билдирүүсүндө, «Бүгүн (HDK шилтеме кылып) козголоңчу согушкерлердин маалымат каражаттары, адаттагыдай эле, Куралдуу Күчтөр Майо районунда карапайым калкты бутага алган чабуул жасады деген бурмаланган жана жалган дооматтарды айтышты. Куралдуу Күчтөр муну билген өз элине ок чыгара албастыгын ырастайт»,-деп айтылган.

Билдирүүдө HDK чек ара тышынан алынып келинген жалданма аскерлерди колдонуу менен согушканы белгиленип: «Куралдуу Күчтөр кесипкөй армия катары эл аралык гуманитардык укукка толугу менен баш ийип, бейкүнөө жарандарыбыздан жана карапайым калкыбыздан алыста, чабуулдарын мыйзамдуу аскердик бута катары козголоңчулардын позицияларына жана базаларына каршы жүргүзөт»,делди.

HDK болсо, «Армия жекшемби күнү эртең менен Хартумдун түштүгүндөгү Майо районунун тургундарына абадан сокку урду»,деп билдирүү жасаган.



Тектеш кабарлар