Мароккодогу жер титирөө: 2 миң 122 киши каза болду

Ички иштер министрлиги 8-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.10до болгон жер титирөө боюнча такталган маалымат менен бөлүштү.

2035496
Мароккодогу жер титирөө: 2 миң 122 киши каза болду

Мароккодогу жер титирөөдө каза болгондордун саны 2 миң 122ге жетти.

Ички иштер министрлиги 8-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.10до болгон жер титирөө боюнча такталган маалымат менен бөлүштү.

Министрликтин билдирүүсүндө эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында болгон 7 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 2 миң 122ге жеткени, жаракат алган адамдардын саны 2421болгону белгиленди.

Издөө-куткаруу иштери үчүн аймакка аскердик унаалар жана курулуш техникалары жөнөтүлүүдө.

Бир тараптан Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Тажани Мароккого чукул жардам сунуштагандарын билдирди.

Алжир да жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Мароккого чукул жардам сунуштады.

Марокко Испания, Англия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) жардам сунушун кабыл алганын жарыялады.

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта айтылган өлкөлөрдүн «издөө жана куткаруу тобун жеткирүү» боюнча жардам сунуштарынын кабыл алынганы белгиленди.

Издөө-куткаруу топторунун Марокко топтору менен координацияда иштөө үчүн жекшемби күнү өлкөгө киргени белгиленди.

Билдирүүдө, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдүн тилектештик сунуштары жана демилгелерине ыраазычылык билдирилди.



Тектеш кабарлар