Байден: "Биз Кытай менен кансыз согуш баштоого аракет кылбай элебиз"

Байден Индиядагы Чоң жыйырмалыктын саммитинен кийин Вьетнамдын борбору Ханойго барып, Вьетнам Коммунисттик партиясынын башкы катчысы Нгуен Фу Тронг менен жолугушту.

2035506
Байден: "Биз Кытай менен кансыз согуш баштоого аракет кылбай элебиз"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Вьетнамга сапарына байланыштуу: «Кытай менен «кансыз согуш» баштоого аракет кылбагандарын баса белгилеп, максатынын АКШнын Вьетнам жана башка Азия өлкөлөрү менен байланыштарын жакшыртуу аркылуу бүткүл дүйнөдө стабилдүүлүктү орнотуу экенин айтты.

Вьетнамдын кабар агенттигинин (ВНА) билдиргенине караганда, Байден Индиядагы Чоң жыйырмалыктын саммитинен кийин Вьетнамдын борбору Ханойго барып, Вьетнам Коммунисттик партиясынын башкы катчысы Нгуен Фу Тронг менен жолугушту.

Вьетнамга алгачкы сапарын ишке ашырган Байден Кытай менен «кансыз согуш» баштоого аракет кылбагандарын баса белгилеп, максатынын Вьетнам жана башка Азия өлкөлөрү менен байланыштарды өнүктүрүү аркылуу бүткүл дүйнөдө стабилдүүлүктү камсыз кылуу экенин билдирди.

Вьетнамга сапарын Кытайды «курчоо» үчүн жасабаганын айткан Байден, Кытай менен «байланыштарын үзүүнү каалабагандыгын» баса белгиледи.

Байден АКШ менен Кытайдын мамилесин калыбына келтирүү темасында чын ниеттүү экенин кошумчалады.

Индияда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын саммитине катышпаган Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «учурда кээ бир кыйынчылыктар менен алпурушуп жатканын» белгилеген Байден, Си Цзиньпиндин «экономикалык кыйынчылыктарга» туш болгонуна көңүл бурду.

Чоң жыйырмалыктын алкагында Кытайдын премьер-министри Ли Чианг менен жолукканын маалымдаган Байден: «Биз туруктуулук жөнүндө сүйлөштүк»,-деди.



Тектеш кабарлар