Орусия-Украина кол салуулар...

Орусиянын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө кол салуулар тууралуу маалыматтар орун алды.

2035252
Орусия-Украина кол салуулар...

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Крымга учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу аракетинин алдын алганын билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Киев кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.30дар чамасында Орусия аймагындагы объектилерге учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен кол салууга аракет кылган» деп билдирилди.

Билдирүүдө Украинанын кол салуу аракетине бөгөт коюлганы жана Крымдын үстүнөн Орусиянын абадан коргонуу системалары тарабынан бир учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганы белгиленди.

Крым 2014-жылы Орусия тарабынан Украинадан мыйзамсыз аннексияланган.



Тектеш кабарлар