Мароккого көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүлөрү

Дүйнөнүн ар тарабынан Мароккого көңүл айтуулар жана тилектештик билдирүүлөрү келип жатат.

2035322
Мароккого көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүлөрү

Латын Америка өлкөлөрү жана лидерлери Мароккодо 8-сентябрда болгон 7 баллдык жер титирөөдөн улам көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүлөрүн жарыялашты.

Колумбиянын президенти Густаво Петро, ​​Гондурастын президенти Сиомара Кастро, Кубанын президенти Мигель Диас Канел, Венесуэла, Эквадор, Аргентина, Чили, Мексика жана Перунун Тышкы иштер министрлиги Мароккого көңүл айтты.

Ирак, Алжир, Йемен, Оман, Судан, Кувейт жана Израил Мароккодогу жер титирөөдөн улам көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүлөрүн жарыялашты.

Катар эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Тани 7 баллдык жер титирөөдөн улам силкинген Мароккого издөө-куткаруу тобун жөнөтүү буйругун бергени маалымдалды.

Тунис жер титирөөдөн улам кыйын абалдагы Мароккодо издөө куткаруу иштерине катышуу үчүн 56 кишилик жарандык коргонуу тобун жана талаа ооруканасын жөнөтө турганын жарыялады.

Алжир 2021-жылдан бери жабык болгон аба мейкиндигинин Мароккодогу жер титирөөдөн кийин жардам жана жаралууларды ташыган учактарга ачылганын жарыялады.

Сирия оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөрүнүн улуттук коалициясы (SMDK) Мароккодо болгон 7 баллдык жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Польша, Финляндия, Латвия, Литва жана Эстония жер титирөөдөн улам көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүлөрүн бөлүштү.

Франциянын борбор шаары Париждин көрүнүктүү жерлеринин бири болгон Эйфель мунарасынын жарыктары Мароккодогу жер титирөөдөн улам өчүрүлдү.

Кошумчалай кетсек, Франциянын Окситания, Прованс-Альп-Кот-д'Азур жана Корсика аймактары жер титирөөдөн улам Мароккого 1 миллион евролук жардам жөнөтө тургандарын жарыялашты.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пак Жин көңүл айтуу билдирүүсүндө катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Марокко элине көңүл айтты.

Европа Биримдиги (ЕБ) жана ага мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жер титирөөдөн улам тилектештиктерин көрсөтүү үчүн Марокко падышасы Мухаммед VIга биргелешкен кат жөнөтүштү.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишельдин кайрылуусу менен башталган катта: «Биз, Евробиримдик Кеңешинин мүчөлөрү катары, коркунучтуу жер титирөөдөн кийинки үрөйдү учурган адамдардын өлүмү үчүн чын жүрөктөн көңүл айтуубузду сиздер менен бөлүшкүбүз келет. Биз бул каргашалуу окуянын кыйратуучу кесепеттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. ЕБ жана ага мүчө мамлекеттер ушул оор мезгилде Марокко эли менен толук тилектештикте. Марокконун жакын достору жана өнөктөштөр катары биз сиздер үчүн пайдалуу деп ойлогон бардык жардамга даярбыз»,деген сөздөр орун алды.

Мишельден тышкары катта ЕБге мүчө бардык мамлекеттердин лидерлеринин жана ЕБ Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Лейендин кол тамгалары камтылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтуу жана колдоо билдирүүсүн жарыялады.

БУУнун басма сөз катчысынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Гутерриш жер титирөөдө каза болгондор үчүн терең кайгыруу менен кайгырганын айтты.

Ушул кыйын мезгилде Марокко өкмөтү жана эли менен тилектештикте экендиктерин белгилеген Гутерриш жаралуулардын тез сакайып кетишин каалады.

Гутерриш каза болгондордун жакындарына көңүл айтып:«БУУ Марокко өкмөтүн колдоого даяр»,-деди.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс да терең кайгырганын билдирип, «Биз колдоо көрсөтүүгө даярбыз» деген сөздөрдү айтты.



Тектеш кабарлар