Умеров: "Планыбыз Орусияга каршы жеңишке жетишүү"

Умеров социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ага көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди.

2034450
Умеров: "Планыбыз Орусияга каршы жеңишке жетишүү"

Украинада коргоо министри болгон Крым татар түркү Рүстем Умеров Орусияга каршы жеңишке жетишүүнү пландагандарын айтты.

Умеров социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ага көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди.

Тарыхый бир мезгилде коргоо министри болуу ал үчүн «чоң сыймык» экенин баса белгилеген Умеров: «Биздин министрликтин 5 приоритети: Аскердик борборлоштуруу, министрликтин субъективдүүлүгүн түзүү, эл аралык коалицияны чыңдоо жана кеңейтүү, коррупцияга нөлдүк сабырдуулук жана санариптештирүү, Украинанын аскердик өнөр жайын өнүктүрүү. Бул жеңишке жетүү биздин планыбыз. Жеңишке жетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек»,-деди.

Украинанын президенти Зеленский 3-сентябрда крым татар түркү Рүстем Умеровду коргоо министри кылып дайындоо чечимин кабыл алганын билдирген.

Умеровдун талапкерлигин Украина парламенти (Жогорку Рада) кечээ бекиткен.



Тектеш кабарлар