Суданда Абдулфеттах ел - Бурхан Ыкчам колдоо күчтөрүн  жоюу чечимин чыгарды

Эгемендик Кеңешинин билдирүүсүнө караганда Бурхан чыгарган жарлыгы менен Ыкчам колдоо күчтөрүн таркатты.

2034386
Суданда Абдулфеттах ел - Бурхан  Ыкчам колдоо күчтөрүн  жоюу чечимин чыгарды

Судандын Эгемендик кеңешинин төрагасы жана армиянын командири, генерал Абдулфеттах ел - Бурхан бир нече айдан бери кагылышуу ичинде  болгон Ыкчам колдоо күчтөрүн  жоюу чечимин чыгарды.

Эгемендик Кеңешинин билдирүүсүнө караганда Бурхан чыгарган жарлыгы менен Ыкчам колдоо күчтөрүн таркатты.

Билдирүүдө  жарлыктын Ыкчам колдоо күчтөрүнүн мамлекетке каршы чыгып, жарандарга каршы одоно мыйзам бузууларды жасаганы жана өлкөнүн инфраструктурасын атайылап бузгандыгы үчүн чыгарылганы белгиленген.

Бул кылмыштардан улам министрликтин  Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Батыш Дарфур аймактык командири Абдуррахман Кумага виза чектөөсүн киргизүү чечимин чыгаргандыгы билдирилди.

Мындан тышкары АКШнын Каржы министрлигинин Ыкчам колдоо күчтөрүнүн 2 - командири Абдуррахим Хамдан Дагалуга каршы санкция чечимин чыгаргандыгы маалымдалды. 

Судан армиясы бир кезде колдогон бирок көз карандысыз жана параллелдүү армия катары аракет кылганы үчүн коркунуч катары көргөн Ыкчам колдоо күчтөрүнүн 2 жылдын ичинде армияга толук кошулушун талап кылган. 

Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жарандык өкмөттөн кийин болжол менен 10 жылга созулган бир мезгилде муну кабыл ала аларын жарыялоосу менен башталган оозеки согуш жана тирешүү 15 - апрель күнү эртең менен борбор шаар Хартум менен ар кайсы шаарларда тараптардын ортосунда куралдуу кагылышууга айланган. 

Катуу кагылышууларда 3000ден ашуун адам, көбүнчө карапайым адамдар каза болуп, он миңдеген киши жараланган.

Бириккен Улуттар Уюму Судандагы жаңжалдан улам 4,3 миллиондон ашуун адамдын жер которууга аргасыз болгондугун билдирди.



Тектеш кабарлар