Столтенберг Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитишин күтүп жаткандыгын билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг  Түркия Улуу Улуттук Парламенти ачылары менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүн кыска убакытта бекитишин күтүп жаткандарын айтты.

2034337
Столтенберг Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитишин күтүп жаткандыгын билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг  Түркия Улуу Улуттук Парламенти ачылары менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүн кыска убакытта бекитишин күтүп жаткандарын айтты. 

Столтенберг Европа Парламентинин Тышкы карым  - катнаштар боюнча комитетинин жыйынына катышып депутаттарга кайрылды жана суроолорго жооп берди. 

Швециянын НАТОго мүчөлүк арызына токтолгон Столтенберг июль айында Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТО саммитинде Швециянын террор менен күрөшүүдө дагы кандай иш - аракеттерди жасай турганы боюнча келишим түзүшкөндөрүн эске салып : "Түркия Улуу Улуттук Парламенти бул күздө кайрадан ачылганда Швециянын мүчөлүгүн кыска убакытта бекитишин күтүп жатам. Бул мындан мурда да көптөгөн жолу айтылды. Ушундайча Финляндиядан кийин Швеция менен мүчө саныбыз  32 болот. Бул Түндүк өлкөлөрү үчүн, Швеция жана Финляндия үчүн, ошондой эле НАТО үчүн жакшы. Ошол эле учурда  Россиянын президенти Владимир Путиндин  НАТОнун чоңоюшуна тоскоол болуу үчүн  бир   Европа өлкөсүн басып киргенде тескери ишке жетишкенин көрсөтөт",- деди. 

Бир Европа Парламенти депутатынын Кара деңиз дан демилгеси  тууралуу суроосуна да жооп берген Столтенберг Россиянын келишимден чыгышын айыптагандарын айтты. 

"Түркиянын келишимди калыбына келтирүү аракетин кубаттайбыз»,-деген  Столтенберг Украина данын дүйнөгө жөнөтүүнүн эң жакшы жолу согушту токтотуу экендигин, дан келишиминин согуштун кесепеттерин азайтуу максатын көздөгөндүгүн айтты.

 

 



Тектеш кабарлар