Израиль Батыш Шериада 3 жаңы конушун мыйзамдаштырууда

Израилдин каржы министри Безалел Смотрих X социалдык медиа платформасында Батыш Шериада жана Иордан өрөөнүндөгү Бейт Хогла, Авигаил жана Асаел еврей конуштарынын мыйзамдаштырыла тургандыгын  жарыялады.

2034324
Израиль Батыш Шериада  3  жаңы конушун  мыйзамдаштырууда

Израиль басып алган Палестина аймактарында 3 жаңы еврей  конушун мыйзамдаштырууда. 

Израилдин каржы министри Безалел Смотрих X социалдык медиа платформасында Батыш Шериада жана Иордан өрөөнүндөгү Бейт Хогла, Авигаил жана Асаел еврей конуштарынын мыйзамдаштырыла тургандыгын  жарыялады.

Смотрих буларды айтты : "Калктуу конуштарда чоң нерселер болуп жатат, булар Израиль мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн Батыш Шериадагы конуштарды өнүктүрүүгө маани берген расисттик, сионисттик жана оңчул улуттук өкмөттү кубаттап жатышат. Биз элге саясаттын өзгөрөрүнө убада кылганбыз. Акырындап  бара жатабыз. Бардык  отурукташуу кыймылын жана ал жерде  жашагандарды куттуктайбыз».

Бир тараптан аймактагы отурукташуучулардын телекөрсөтү каналы 7деги  кабарда Израиль армиясынын борбордук командирлигинин конуштарды иретке келтирүү иштерин баштоо чечимине кол койгону билдирилди.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстагы 300гө жакын мыйзамсыз  конуштарда 700 миңге жакын еврей отурукташуучу жашап жатат. Эл аралык мыйзам боюнча Батыш Шериа жана чыгыш Кудстагы еврей  конуштары мыйзамсыз деп эсептелүүдө. 

 



Тектеш кабарлар