Иран мунайын ташыган грек фирмасы айып төлөөнү кабыл алды

АКШ санкциялардын негизинде апрель айында конфискациялаган Иранга таандык мунайды ташыган Грециянын бир фирмасы 2,4 миллион долларлык айып төлөөнү кабыл алды.

2034332
Иран мунайын ташыган грек фирмасы айып төлөөнү кабыл алды

Америка Кошмо Штаттары  санкциялардын негизинде апрель айында конфискациялаган Иранга таандык мунайды ташыган Грециянын бир фирмасы 2,4 миллион долларлык айып төлөөнү кабыл алды. 

Вашингтондун соттук документтерине караганда, Иран мунайын ташыгандыгына байланыштуу Грециянын  "Empire Navigation" фирмасына карата  ачылган доо арызда тараптар келишти.

Келишимде фирма  АКШнын бир тараптуу санкцияларынан улам конфискацияланган   1 миллион баррел Иран мунайын ташыган Маршалл аралдары желектүү «Суэц Ражан» танкеринде Иран мунай затын ташыганын моюнга алды.

Фирма коргонуусунда түзүлгөн келишимдин натыйжасында 2,4 миллион долларлык айып төлөөгө макул болду. 

Сөз болгон чечим менен сот АКШнын "Суэц Ражанда" ташылган  1 миллион баррелдин конфискациялангандыгын биринчи жолу ачыкча кабыл алган болду. 

Доо досьесинин Ирандын "жооп кайтаруу коркутуусунан" улам 5 айга жакын убакыттан бери жашыруун сакталгандыгы белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар